|
Уяң укук
|
|
УЯҢ УКУК – эларалык алакадагы сунуш киргизүү ченемин билдирүүчү аталгы. Бул аталгынын пайда болушу БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан БУУ Уставына ылайык, сунуш катары мүнөзгө гана ээ болуп (БУУнун ички уюштуруу маселелери менен каржы-казына маселелерине байланыштуу резолюциялардан сырткары), эларалык укук ченемдерине жатпай турган көптөгөн резолюциялардын кабыл алынышы менен тыгыз байланыштуу.
|